← К списку новостей

Жаштардын үнү: «Кыялымдагы Кыргызстан – Жалал-Абад 2026» форуму

20.04.2026

2026-жылдын 9-апрелинде Жалал-Абад облусунун Манас шаарында уюштурулган «Кыялымдагы Кыргызстан – Жалал-Абад 2026» аттуу республикалык жаштар форумуна Иса Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинин студенттери активдүү катышып кайтышты.



Бул иш-чарага баруу Каракол шаарынын мэриясына караштуу «Жаштар борбору» менен кызматташтыкта ишке ашып, Кыргызстандын Жаштар кыймылынын Камкор кеңешинин төрагасы Курманакунов Ишенбек Тилекович тарабынан колдоого алынды. Анын жардамы менен студенттердин жол киреси жана жатакана маселеси толук чечилип, чоң шарт түзүлдү.



Колледждин студенттери жана окутуучулары Ишенбек Тилековичке чын дилден ыраазычылык билдирип, анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалашат.



Форумдун алкагында катышуучулар тажрыйба алмашуу менен катар Манас шаарынын кооз жана тарыхый жерлерин кыдырып чыгышты. Мындан сырткары, Арсланбап эс алуу аймагына барып, жаратылыштын кооздугу менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.



Форумга катышкан студенттер:

    •    Атайбеков Айбек (кф-31)

    •    Аскерова Айдина (кф-13)

    •    Оболбек кызы Сабина (лд-31)



Жетекчиси:

    •    Абдиева Жыпара Женишбековна

Жаштардын үнү: «Кыялымдагы Кыргызстан – Жалал-Абад 2026» форуму