КАРАКОЛ ШААРЫНДАГЫ АКАДЕМИК И. АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖ ООР ЖОГОТУУГА УЧУРАДЫ
Академик И. Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинде 45 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенген тажрыйбалуу окутуучу, насаатчы, өз ишине чыгармачылык менен мамиле жасаган Жакыпбеков Канымет Шакиевич дүйнөдөн кайтты.
Канымет Шакиевич 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктап, дарылоочу дарыгер адистигине ээ болгон. 1979-жылдан тартып Каракол медициналык окуу жайында эмгектенип, өмүрүнүн акырына чейин өз ишине берилгендик менен кызмат кылды.
Ал көп жылдар бою хирургия сабагынан окутуучу болуп иштеп, миңдеген студенттерге адам өмүрүн сактоону, бейтаптарга жардам көрсөтүүнү үйрөтүп, медициналык билим берүү тармагына зор салым кошту. Өзүнүн бай тажрыйбасын жаш окутуучулар менен бөлүшүп, көптөгөн шакирттерди тарбиялады.
Канымет Шакиевич окутуучулук иш менен гана чектелбестен, коомдук иштерге да активдүү катышып, кыргыз тилинин өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Анын кесиптеши Эрмек Токтомамбетов менен биргеликте авторлош болуп түзгөн «Орусча-кыргызча медициналык сөздүгү» саламаттык сактоо кызматкерлерине, окутуучуларга, студенттерге жана тил адистерине баалуу эмгек болуп калды. Бул сөздүк Кыргыз Республикасынын медициналык окуу жайларында кеңири колдонулуп келет.
Кесипкөйлүгү жана элге кылган ак кызматы үчүн Канымет Шакиевич «Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Алтын» медалы, «Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакалы» наамы жана бир катар Ардак грамоталар менен сыйланган.
Канымет Шакиевичтин адамгерчилиги, кесибине болгон берилгендиги, келечектеги медициналык кызматкерлерди даярдоого кошкон салымы жана жаркын элеси өзү тарбиялаган шакирттеринин, кесиптештеринин жана аны тааныган адамдардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, агай!
Кош болуңуз, кадырлуу устат!
Академик И. Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинин директору Султанов Жоомарт Жекшенович жана колледждин жалпы жамааты.