Акушердик иш бөлүмүнүн декадасынын алкагында окутуучу Исалиева Г. Б. ЛД-11 тайпасынын студенттери менен биргеликте «Манас — кыргыз рухунун туу чокусу!» аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө улуу «Манас» эпосунун мазмуну аркылуу кыргыз элинин бай тарыхы, руханий дүйнөсү жана элдик медицинасынын өзгөчөлүктөрү кеңири чагылдырылды. Студенттер эпосто кездешкен дары чөптөр, дары-дармек өсүмдүктөр, жаныбарлардын майлары, ошондой эле байыркы доордо колдонулган хирургиялык аспаптар тууралуу маалыматтарды медицина менен байланышта талдап беришти.
Мындан тышкары, катышуучулар көркөм көрүнүштөрдү көрсөтүп, «Манас» эпосунун каармандары аркылуу элдик дарылоонун ыкмаларын сахналаштырышты. Бул иш-чара студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүп, улуттук мураска болгон кызыгуусун арттыруу менен бирге, медициналык билимдерди тереңдетүүгө өбөлгө түздү.
Мындай иш-чаралар улуттук баалуулуктарды даңазалоого, студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана кесиптик багытта өнүгүүсүнө чоң салым кошот.