← К списку новостей

Жүрөк-өпкө реанимациясы боюнча лекция жана мастер-класс

07.04.2026

Академик И. Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинде «Жүрөк-өпкө реанимациясы» темасында лекция өткөрүлдү. Лекцияны STLI фондунун өкүлү Дон Сойер алып барды.

Лекциянын жүрүшүндө кан айлануу токтогон учурда көрсөтүлүүчү тез жардамдын заманбап алгоритмдери, жүрөк-өпкө реанимациясын жүргүзүүнүн негизги этаптары, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда ыкчам аракеттенүүнүн маанилүү аспектилери каралды.

Теориялык бөлүктөн кийин Дон Сойер жана Кейли Мартин тарабынан мастер-класс өткөрүлдү. Иш-чаранын катышуучулары алган билимдерин практикада бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышты: адистердин жетекчилиги астында студенттер муляждарда жүрөк-өпкө реанимациясынын ыкмаларын машыгышты.

Мындай иш-чараларды өткөрүү студенттерде ишенимдүү практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга, клиникалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүүгө даярдыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Жүрөк-өпкө реанимациясы боюнча лекция жана мастер-класс