«Медайымдык иш» бөлүмүнүн декадасынын алкагында колледжде «Кургак учук» темасында конференция өткөрүлдү. Иш-чара жыл сайын 24-мартта белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө арналды.
Конференцияны «Медайымдык иш» бөлүмүнүн окутуучусу Замирбекова К. З. КСД-31 тайпасынын студенттери менен биргеликте өткөрдү. Иш-чаранын негизги максаты — кургак учук тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу, анын алдын алуу, өз убагында аныктоо жана заманбап дарылоо ыкмалары боюнча маалымат берүү болду.
Конференциянын жүрүшүндө студенттер докладдар, презентациялар жана маалыматтык материалдарды сунуштап, кургак учуктун жайылышы, тобокелдик факторлору, оорунун клиникалык белгилери, ошондой эле алдын алуу чаралары боюнча актуалдуу маселелерди чагылдырышты. Айрыкча ооруну эрте аныктоонун маанисине жана медициналык кызматкерлердин кургак учукка каршы күрөштөгү ролуна өзгөчө көңүл бурулду.
Мындай иш-чараларды өткөрүү студенттердин кесиптик компетенцияларын калыптандырууга, клиникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана калктын ден соолугуна болгон жоопкерчилигин жогорулатууга өбөлгө түзөт.