Академик И. Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинде Америкалык STLI кайрымдуулук фондунун (ИТТИ - Илимий технологиялар жана тилдер институту) өкүлдөрү Кейли Мартин жана Дон Сойер менен колледждин администрациясынын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө академиялык кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана студенттер үчүн билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча «Акушердик иш», «Медайымдык иш» жана «Дарылоо иши» багыттарында окуган студенттер үчүн бир катар лекциялар жана практикалык сабактарды өткөрүү пландалды. Сабактар студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө, медициналык практикадагы заманбап ыкмаларды өздөштүрүүгө, ошондой эле коммуникациялык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталат.
Мындай жолугушууларды өткөрүү эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана колледж студенттеринин кесиптик дүйнө таанымын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.