К списку новостей

«Өз ден соолугуңду текшер!» акциясы

«Өз ден соолугуңду текшер!» акциясы Нажмите на фото, чтобы открыть на весь экран

«Акушердик иш» бөлүмүнүн декадасынын алкагында «Өз ден соолугуңду текшер!» аттуу профилактикалык акция өткөрүлдү. Иш-чара «Медайымдык иштин негиздери» сабагынын  окутуучусу Жидебаева Н. Т. тарабынан ЛД-11 тайпасынын студенттери менен биргеликте уюштурулду.
Иш-чаранын максаты — калк арасында өз ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу жана профилактикалык текшерүүлөрдү жайылтуу болду.
Акциянын жүрүшүндө студенттер окутуучунун жетекчилиги алдында базалык скринингдик текшерүүлөрдү жүргүзүштү: дене салмагын, кан басымын жана кандагы канттын деңгээлин колледждин окутуучулары менен кызматкерлерине өлчөп беришти.
Мындан тышкары, акциянын катышуучулары окуу жайдан тышкары чыгып, каалаган жарандарга экспресс-текшерүүдөн өтүүнү сунушташты. Студенттер өлчөө иштерин жүргүзүү менен катар, сергек жашоо образы боюнча сунуштарды берип, ден соолук көрсөткүчтөрүн үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүштү.
Мындай иш-чараларды өткөрүү студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, алардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга жана медициналык билим берүү менен коомчулуктун байланышын чыңдоого өбөлгө түзөт.

Другие новости