← К списку новостей

Колледж ичиндеги дисциплиналар аралык олимпиада (3-курстун студенттери арасында)

07.04.2026

Колледжде 3-курстун  студенттери арасында дисциплиналар аралык олимпиада өткөрүлдү. Олимпиаданын максаты — студенттердин теориялык даярдык деңгээлин, практикалык көндүмдөрүн аныктоо, ошондой эле келечектеги адистердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү болуп саналат.

Олимпиада эки этапта өткөрүлдү.

 Биринчи этап AVN автоматташтырылган системасы аркылуу тестирлөө форматында уюштурулду. Катышуучулар профилдик дисциплиналар боюнча теориялык билим деңгээлин көрсөтүштү.

 Экинчи этап практикалык бөлүктү камтыды. Анын жүрүшүндө студенттер кесиптик багыттагы тапшырмаларды аткарышты. Баалоо практикалык саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү жана иш берүүчүлөр (стейкхолдерлер) тарабынан жүргүзүлүп, бул келечектеги адистердин даярдык деңгээлин заманбап кесиптик талаптарга ылайык объективдүү баалоого мүмкүндүк берди.

Олимпиаданын өткөрүлүшү студенттердин клиникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, окууга болгон мотивациясын жогорулатууга жана билим берүү мекемеси менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө түздү.

Колледж ичиндеги дисциплиналар аралык олимпиада (3-курстун студенттери арасында)