Академик И. Ахунбаев атындагы медициналык колледжинде 3-курстун студенттери үчүн мазмундуу лекция өткөрүлдү. Иш-чара «Дарылоо иши», «Медайымдык иш» жана «Акушердик иш» бөлүмдөрүнүн студенттерине арналды жана америкалык STLI фонду тарабынан уюштурулду. Лекциянын темасы — "Кант диабети".
Лекциянын жүрүшүндө адистер кант диабетинин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо боюнча заманбап ыкмалар тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле ооруну эрте аныктоо жана бейтаптарды коштоп жүрүүдө медициналык кызматкерлердин ролу өзгөчө белгиленди. Студенттер оорунун коркунуч факторлору, татаалдашуулары жана кандагы глюкозанын деңгээлин көзөмөлдөө ыкмалары боюнча баалуу билим алышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө практикалык сунуштар жана клиникалык учурларды талдоо студенттердин кызыгуусун жаратты. Бул алардын теориялык билимдерин бекемдөөгө жана кесиптик даярдыгын жогорулатууга өбөлгө түздү.
Мындай иш-чаралар студенттердин билим деңгээлин кеңейтүүгө, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жардам берет.